super.kg logo
  Саясат  

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн 84 миң тонна эт киргизилген

 

2012-жылы АКШдан Кыргызстанга 47 миң тонна тоок эти алынып келингенин бүгүн, 18-февралда ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Малабаев билдирди.

Былтыр Кыргызстанга 72 миллион долларга жалпы 84 миң тонна эт киргизилген. Алардан кошумча нарк салыгы жана бажы төлөмдөрүнөн түшкөн акча 770 миллион сомду түздү. Негизги импорт – уй эти, тоок эти жана чочко эти. АКШдан тышкары тооктун эти Орусиядан, Украинадан жана Бразилиядан алынып келинет”,- деди Малабаев.

Айтымында, былтыр Кыргызстан Өзбекстанга 3 тоннага жакын тоок этин жана чочко майын экспорттогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: