super.kg logo

Ош. Шаар бийлиги менен эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда социалдык маселелер талкууланды

 

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров ЮНИСЕФтин кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Юкиэ Мокуону кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү жана шаардагы миграция, социалдык маселелер, жаштар менен иш алып баруу жаатындагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү максатындагы  долбоорлорду эл аралык уюм менен биргеликте иш жүзүнө ашыруу талкууланды.

Биринчи вице-мэр аталган уюм тарабынан аткарылып жаткан колдоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагына байланыштуу жана жаштар менен тыгыз кызматташуу боюнча сунуш-пикирлерин айтты.

Юкиэ Мокуо айымдын айтымында, быйыл социалдык маселелерди чечүүгө жана ар кайсы шаар, райондорго жаштар борборлорун ачууга атайын каражаттар бөлүнүп, долбоорлор даярдалып жатат. Ошондой эле пландап жаткан ар бир долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү бийликтин колдоосу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: