super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Милиция студенттерди чогулткан таштандыларын президентке көрсөтпөй, жолдон алыс ташууга мажбурлады

 

Бүгүн, 22-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экология жана туризм институтунун студенттери жана окутуучулары тазалык акциясын уюштуруп, Түштүк магистраль көчөсүн бойлой таштанды чогултушту. Мындай кабарды окурман 22-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

Акциянын жүрүшүндө жол жээгине чогултулган таштандыны милиция кызматкерлери жолдон алыс алууну буйрушту. Мунун себебин алар саат 8:30да президент Алмазбек Атамбаевдин ушул жол аркылуу өтө турганы менен түшүндүрүштү. Студенттер жана окутуучулар таштандыны жолдон алыс ташыганга мажбур болушкан.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.04.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайлапсынар суротко тартып алып)))президент коруш керек ушундай нерселерди,колунда иштегендерге замечание береш керек,анан онугуу анан осуш болот мамлекетте...
23.04.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көп нерсени ошентип,жаап жашырып атышып башчыбыз билбей калат.
23.04.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мажбур болду дейсинер да. президент аны коргондо деле машинасына салып кетмек эмес. и жаш эле балдар го, бели ооруп калбайт. мусорду президентин мурдуна алып келсен да корбойт да
23.04.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bermet_Kasymova,кеп балдардын бели ооруп калганыеда эмес ошол чогулган таштандыларды жолго жакын топтошсо мусор ташыган машинагада оной болот жуктоп алып кеткени,алыс жака бекитип койсо аны издеп таап салып кетмек беле.
23.04.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким өз жумушун кылыптыр, милициялардыкы да туура, ал таштандылар башкаларга тоскоол болушу мумкун, таштанды ташыган машина кычык-пычыктан деле алып кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: