super.kg logo

Жылнаама, 24-апрель: Мындан 12 жыл мурун Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйыны "Мунапыс тууралуу" мыйзам кабыл алып, 786 адам түрмөдөн бошотулган

 
* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы куудул Назира Жетигенова Талас шаарында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. Кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясында окуган. 
Биринчи жолу 2000-жылы Спорт Ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккан. Назира Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалында 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл - тараза, эл - сынчы” сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалында 1-орун­ду алган.
 
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйыны "Мунапыс тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзам Кыргыз Конституциясынын 10 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып, ага ылайык, 786 адам түрмөдөн бошотулуп, 15 миң адамдын жаза мөөнөтү азайтылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бангладештин Савар шаарында ичинде банк, дүкөндөр, кийим тигүүчү ишканалар жайгашкан 8 кабаттуу имарат урап түшкөн. Урандынын астында калып 1127 киши каза болсо, 2500дөй адам ар кандай жаракат алган.
* Мындан 182 жыл мурун, 1833-жылы АКШда британиялык химик жана философ Жозеф Пристли газдалган сууну патенттеген. Ал көмүр кычкыл газына каныккан сергитүүчү бул суусундуктарды муздатып ичсе, суусунду кандырат деп билдирген. Андан сырткары газдалган суу ичеги-карындын иштешин дагы жакшыртып, ашказан кыжылдап, аш болбогон азыкты да газдалган суу менен жөнгө салса болорун кошумчалаган.
24-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: