super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз хоккейчилери Азиянын Чакырык Кубогунда 3-орунду ээлешти

 

Хоккей боюнча өлкөнүн курама командасы Кувейтте өткөн Азиянын Чакырык Кубогунда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык хоккей федерациясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, мелдештин акыркы турунда кыргыз хоккейчилери Кувейт курамасы менен кез келип, 3:9 эсебинде утулуп калышты.

Натыйжада тайпада өткөн 5 оюнда жеңишке жетишкен кувейттиктер алтын медалды багындырышты (15 упай). 2-орунду ээлеген Сингапур курамасынын карамагында 12 упай бар. 3-орунду ээлеген кыргыз өлкөсүнүн курамасы 2 оюнда утулуп, 3 оюнда жеңүүчү аталган (9 упай).

Кошумчалай кетсек, мелдешке жалпысынан 6 команда катышкан. Акыркы 3 орунду Оман, Малайзия жана Индия курамалары өз ара бөлүштү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.04.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жетишкендик бул да болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: