Президент: "Былтыр энергетика тармагына бюджеттен 10 миллиард сом бөлүнсө да, натыйжасы көрүнбөй жатат"

"Былтыр энергетика тармагына бюджеттен 10 миллиард сомго жакын каражат бөлүнсө да, натыйжасы көрүнбөй жатат",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-апрелде Коргоо кеңешинин отурумунда.
Анын айтымында, энергетика мамлекеттин экономикасынын локомотивинин функцияларын аткарууга күчү жетпей жатат. "Мындан улам бүгүнкү күндө бул тармакка улам-улам дотация бөлүү маселеси турат. Ошондуктан биз бүгүн өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу жана энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз. Бул тармактын узак мөөнөттүк стратегиясын кабыл алышыбыз керек",- деди өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:17
2025-07-25
22:10
2025-07-24
Рейтинг:
0

