Жылнаама, 30-апрель: Мындан 45 жыл мурун "Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч төрөлгөн



Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн, бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган. 1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталып, 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат да, Илья Резник жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калган. 1988-жылы Илья Резниктин кечесинде Филипп Алла Пугачёва менен жолугушуп, ошондон тарта Алла Пугачёва менен биргеликте иштей баштаган. Ал эми 1994-жылы Киркоров орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёвага үйлөнүп, 15-март күнү нике күбөлүгүн алышкан. Салтанат Санкт-Петербург шаарында өтүп, никеге катталууну ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөгөн. Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан.

1996-жылы Халит үчүн жашоонун жаңы барагы ачылат. Түркиянын кино айдыңында көздөрү көк асмандай тунук, кумарлуу Халит Эргенч аттуу актёр пайда болот. 2012-жылы актёр "Даңазалуу кылым" сериалына баш-оту менен киришип, султан Сулеймандын ролун мыкты деңгээлде аткарган. Андан сырткары Халит Эргенч "1001 түн", "Зерда", "Биринчи махабат", "Конок" сыяктуу тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.
30-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.