Алмаз Алимбеков "Кыргыз алтындын" директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алмаз Алимбеков "Кыргыз алтын" ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 29-апрелде өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттөн билдиришти. Анын талапкерлигин ишкананын Директорлор кеңеши сунуштаганы айтылды. А.Алимбеков өкмөттүн өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Эскерте кетсек, "Кыргыз алтындын" башчысы Токон Мамытов 10-апрелде кызматтан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:10
2025-07-24
18:31
2025-07-24

Рейтинг:
0

