Жылнаама, 2-май: Мындан 4 жыл мурун "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Усама бен Ладен өлтүрүлгөн

Таалайбек Өмүралиев мотоаткычтар взводунун командиринен баштап КРнын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдык боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн. 2009-жылы Түштүк аскердик бирикменин кол башчысы, 2009-жылы ноябрь айынан тартып КРнын Коргоо министринин орун басары, 2010-жылы августтан баштап КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон. Ал эми 2011-жылдын декабрь айынан 2014-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болгон.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы англиялык футболчу, Англиянын жана Мадрид курама командаларынын оң канаттагы жарым коргоочусу, футбол боюнча дүйнө жылдызы Дэвид Бекхэм Лондондо төрөлгөн. 11 жашында жаштар арасындагы Bobby Charlton Soccer Schools National Skills футболдук мелдешинде жеңип чыккан. Анын ийгиликтерине күбө болгондор жаштар лигасында "Манчестер Юнайтеддин" атынан ойноону сунушташкан. 1993-жылы түзүлгөн келишимден соң өзүнүн канчалык деңгээлде таланттуу экенин көрсөтө алган оюнчу бир сыйлыктын артынан экинчи сыйлыкка ээ болгон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Усама бен Ладен Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, анын денеси деңизге чөктүрүлгөн.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Аламүдүн РИИБинин башчысынын ыкчам иликтөө иштери боюнча орун басары Талант Аттокуров кол алдында иштеген кызматкерин сабап салгандыгы үчүн кызматтан бошотулган. Аталган жооптуу кызматкер бир апта мурун аймактык милиция кызматкери Абдулла Алиевди сабаган. Жабырлануучу РИИБдин эки кызматкери кол көтөргөнүн айтып, “жетекчи чакырып жатат деп бөлүмдүн короосуна алып кирип сабашты” деп көрсөтмө берген. Ал эми ИИМ жабырлануучу Алиев короодон эмес, өзүнүн иш бөлмөсүнөн сабалганын жана ага Талант Аттокуров да катышканын айткан.


Он жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу, шейх Усама бен Ладен 1957-жылы 10-мартта Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Анын толук аты-жөнү - Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Анын атасы ири курулуш тармагынын магнаты, өтө бай адамдардын бири болгон. Усама бен Ладен атасынан 250 миллион доллар мурас алган. Ладендин максаты батыштын таасири жок, эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилечү.
2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган.
Усама бен Ладен бою узун (1 метр 95 сантиметр) жана арык (75 килограмм) киши болгон. Сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүрчү. Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн. Ислам динине абдан берилген адам болгон. Террорчу лидердин жан сакчысы Насер аль-Бахри анын өтө эмгекчил экендигин айткан.
2-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
nurik2103

01.05.2015. 21:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Усама бен ладен сылык суйлогон жакшы адам болгон екен, жайы бейиштен болсун, рентвнын военный тайна програмасынан мактап жатышатко орустар
Titi

02.05.2015. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik2103, мен толук коруп чыктым рентвдан жакшы программа толук мазмундуу кылып корсотушту
eldar96

02.05.2015. 01:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх ислам учун куйгон адам эле да америкадан жакшылык кутпош керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.