super.kg logo

Жылнаама, 3-май: Мындан 2 жыл мурун "Манас" аэропортунан учуп чыккан АКШнын май куюучу КС-135R учагы Панфилов районунун аймагына кулап түшкөн

 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы "Манас" аэропортунан учуп чыккан АКШнын май куйгуч КС-135R учагы Чүй облусунун Панфилов районунун аймагына кулап түшкөн. Учактын 3 экипаж мүчөсү каза тапкан.
 
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Дублинде үчүнчү ирет өткөн “Евровидение” сынагында орусиялык Алла Пугачёва “Примадонна” деген ыры менен 25 катышуучунун ичинен 15-орунду ээлеген. Алгач бул сынакка ырчы Валерий Меладзе Алла Пугачёванын "Примадонна" аттуу ыры менен бармак болуп, бирок катуу ооруп калган. Ошондон улам Алла Пугачёва өзү барууну чечкен.
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы Украинанын Львов облусунда Ту-134А жүргүнчү ташуучу жана Ан-26 аскердик учактары сүзүшкөн. 2 учакта болгон 94 кишинин баары каза тапкан. 
* Мындан 107 жыл мурун, 1908-жылы Бейруттан 25 км алыстыкта Дева Мариянын эң чоң айкели ачылган. Ал 600 метр бийиктикте жайгашкан Харисса дөбөсүнөн орун алып, бийиктиги 8,5 метрди түзүп, салмагы 10 тоннадан көп болгон.
3-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: