Непалда жүргөн кыргыз жараны бүгүн кыргыз жерине алынып келет
Непалда жүргөн кыргыз жараны бүгүн, 2-майда кыргыз жерине алынып келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, орто жаштагы аял 3 жашар уулу менен акыркы убактарда АКШнын Непалдагы элчилиги уюштурган лагерде болгон. Ал 29-апрелде ал кыргыз мамлекетинин Индиядагы элчилиги аркылуу Непалдан Индияга алынып келинген. Ал эми Непалда кыргыз мамлекетинин дагы башка жарандарынын бар-жогун аныктоо улантылууда.
Айта кетсек, 25-апрелде Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 6 миңден ашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.