super.kg logo

Нарын. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын катышуусунда форум болуп өттү

 

Нарында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын катышуусунда "Нарын демилгелүү жаштары" деген аталышта форум болуп өттү. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Форумга Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев, мурдагы адилет министри Алмамбет Шыкмаматов, партиянын коомдук мүчөлөрү жана облустун райондорунан келген 300дөн ашык жаш активисттер катышышты. Форумдун биринчи бөлүгүндө Теңир-Тоо жана жалпы кыргыз жаштарынын көйгөйлөрү, жетишкендиктери талкууланды. Форумдун негизги максаты болуп жаштардын коомдогу, мамлекеттик башкаруудагы ролу кызуу талкууланды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө келе жаткан парламенттик шайлоого Нарын облусунан жаш активисттерди алып чыгуу маселеси да каралды. 

Сөз алып сүйлөгөн Нарындын активдүү жаштары: "Биз бүгүн өзүбүздүн аракеттерибизди, алган билимибиз менен топтогон тажрыйбабызды коомдо туура багытта пайдаланалы, күнөөнү эч кимге оодарбастан, өзүбүз да туура жана түз багытта ишмердүүлүгүбүздү жүргүзөлү",- деп билдиришти. Форумга катышкан жаштар өз ойлорун талкуулап, пикир алышуу менен парламенттик шайлоого облустун аймагынан жаш активист Эрлан Аскарбековду сунушташты. Бул сунушка аталган партиянын өкүлдөрү каршы эмес экендигин билдирип, жаш активистке ийгилик каалашты. Форум "Нур" эс алуу жайында улуттук спорт оюндары менен коштолду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.05.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ата Мекен АЛГА!!!
05.05.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Өмүрбек Текебаевдин партиясы шайлоодо өтөт деп кепилдик бере алам!!!
05.05.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ата Мекен эн таза партия кыргызстанда!!!!
05.05.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurzat8787, Кыргызстанда бир да таза партия жок,анткени азыркы бийликте бир да таза иштеген адам жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: