Жалал-Абад. 7-майда Барпы-Сейил жана Эркиндик-Бакиев көчөлөрү тосулат
7-майда Жалал-Абад шаарынын борбордук Барпы-Сейил жана Эркиндик-Бакиев көчөлөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин тосулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, мындай чаралар мэрия тарабынан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чарларды даярдоого байланыштуу көрүлүүдө.
Ал эми 9-Май - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы шаардын "Эркиндик" аянтында уюштурулуп, салтанаттуу иш-чара аскер парады, концерттик программа, Өчпөс отко гүл коюу жана согуш ардагерлери үчүн аскер тамагын берүү менен коштолот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.