super.kg logo

Мелис Мырзакматовдун агасы катышкан кылмышка шектүү топтун алдамчылык жол менен акча алып жүргөнү тууралуу толук маалымат

 

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 50 жаштагы агасы Кеңеш Мырзакматов жана аны менен бирге төрт адам алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу 6-майда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Ош шаарынын аймагында жарандарга батир алып берүүнү убадалап, алдамчылык жол менен акча алып жүргөн кылмышка шектүү топ жана аларга карата жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери тууралуу 

М А А Л Ы М А Т:

2013-жылдын февраль айында Б.К. жана Т.Э. аттуу атуулдар “Баткен согушунун ардагерлери” коомун түзүп, ушул коом аркылуу элдин ишеничине алдоо жолу менен кирип, алардын ишеничине кыянаттык кылуу менен бир катар алдамчылык кылмышын жасашкан. Атап айтканда, К.Б. жана Э.Т. өздөрүнүн таанышы болгон Д.Н. аттуу аялдын ишеничине алдоо жолу менен кирип, “үй алып берем” деп анын 7000 (жети миң) долларын алып, андан кийин из жашырып кетишкен.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту менен 2014-жылдын 12-декабрында 41-14-594 сандуу кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иши боюнча бир канча тергөө амалдары аткарылып, алардын натыйжасы менен бул кылмышти жасаган Б.К. менен Т.Эге 2015-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде издөө жарыяланган.
Мындан сырткары Б.Кнын үстүнөн Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2, 3-пункттары менен 41-15-072 иши боюнча бир жабырлануучудан 500 000 (беш жүз миң) сомдук, 41-15-119 иши боюнча экинчи жабырлануучудан 30 000 (отуз миң) долларын, үчүнчү жабырлануучудан 3000 (үч миң) доллар жана 312 000 (үч жүз он эки миң) сом, төртүнчү жабырлануучудан 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сомдук материалдык зыян келтиргендиги тууралуу арыз түшкөн. 
Айыпкер Б.Кнын кылмыштуу шериги Т.Энин үстүнөн 41-15-063 иши боюнча биринчи жабырлануучудан 20 000 (жыйырма миң) долларлык, экинчи жабырлануучудан 30 000 (отуз миң) долларык, үчүнчү жабырлануучудан 25 000 (жыйырма беш миң) долларлык, төртүнчү жабырлануучудан 500 000 (беш жүз миң) сомдук материалдык зыян келтирилгендиги тууралуу арыз түшкөн.
Аталган кылмыш иштери боюнча Б.К. жана Т.Э. кылмыштуу шериги болгон О.А. аттуу аялдын үстүнөн 41-15-147 иши боюнча биринчи жабырлануучудан 9 000 (тогуз миң) долларлык, экинчи жабырлануучудан 6 000 (алты миң) долларлык материалдык зыян келтирген.
Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасы менен 2015-жылдын 22-апрелинде О.А. аттуу аял кармалып, Ош шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага карата бөгөт коюу чарасы катары 2015-жылдын 24-апрелинде 2 ай мөөнөтүнө камак түрү тандалган. 
2015-жылдын 1-майында издөөдө жүргөн Б.К. (издөө иши 9361) Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылында кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 2015-жылдын 2-майында айыпкер Б.Кнын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү Ош шаардык соту тарабынан текшерилип, 2 айга камак түрү тандалган.
Жогорудагы кылмыштарды жасаган айыпкерлердин көрсөтмөсүнө ылайык, алардын кылмыштуу шериги болгон, издөөдө жүргөн А.Б. кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 
Кылмышка шектүү катары кармалган 3 адамдын көрсөтмөсү боюнча, ушул алдамчылык кылмыштарына түздөн-түз катыштыгы бар, атап айтканда, ушул үч адамдын элден жыйнаган акча каражаттарын “үй алып беремин” деп алдап алган адам Кара-Суу районунун тургуну К.М. экендиги аныкталган. К.М. изин жашыруу максатында Ош шаарынан Бишкек шаарына кетип бара жатканда 2015-жылдын 2-майында саат 17:30 чамасында кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 94-беренесине ылайык, шектүү катары Ош ШИИБинин УКЖна киргизилген.
2015-жылдын 4-майында К.М. бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө, башкача айтканда, 2015-жылдын 2-июлуна чейин камак түрү тандалган.
Азыркы күндө шектүү катары К.Мнын көрсөтмөсүнүн негизинде жогорудагы коомчулукка чуулгандуу жагдайды жараткан кылмыш иштерине Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурунку жетекчиси К.Анын катыштыгы текшерүлүүдө.
Бул кылмыш иштери боюнча жана текшерүүдө болгон арыздардагы көрсөтмөлөрдүн негизинде азыркы күндөгү жарандарга келтирилген жалпы материалдык зыяндын суммасы 1 652 000 (бир миллион алты жүз элүү эки миң) сом жана 132 000 (жүз отуз эки миң) долларды түзөт. Жогорудагы кылмыш иштери боюнча азыркы күндө издөөдө жүргөн дагы бир кылмышка шектүү Т.Э. аттуу жаранды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары аталган ири суммадагы акчаны алдап алганга шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү түрдөгү ыкчам иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө кайрыла алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(61)
06.05.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мелисти кошпойле суйлонор эмне болот мелистин атын жаман кылышта эптеп мен ойумча мелис призидент болушка татыктууу
06.05.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
alas, Мелистин агасы дегенде түшүнүктүү болуп жатпайбы. А так Кенеш Мырзакматов деп койсо дагы башталмак да суроолор. Ал не Мелистин бир тууганыбы деп.
Ал эми тема боюнча, Бир тууганынын уяты жок экен. Мелистин атына жамынып адамдарды алдаганы.
06.05.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
alas,Мелис мэр болбогондо анын тууганына ким сары чака бермек эле? Мырзакматов президент эмес, зек болот эми
06.05.2015. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара пиар!!!
06.05.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ташиевдин баласын донголок уурдатып койгондон кийин буларга соз жок.
Мелистин кылган ишин бир четин да жасай албай жататко азыркы мэр.
Мелисге коро албастык бут тосуу башталды дагы!
06.05.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmuhammad.,эл үчүн күйгөн азамат болсо, бул акчасын алдырып жибергендер элге кирбейби? Айрыкча Ошту калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчадан бакандай бир үйгө жете турган акча жетпей жатат дейт? Ошол үй салынып, элдин келечек муунун аз акчага тарбиялап жүргөн мугалимдер, калктын ден соолугу менен күрөшкөн мугалимдер, тартип сакчыларына таратылып берилсе, 30 - 40 кыргыз элинин жараны үйлүү болуп калса эмне болот эле? Мен өкмөт болсом, Мелистин учурунда берилген үйдө жашап жаткандардын баарын кайрадан текшерип чыкмакмын. Булар ала албай калганы, канчасына алып берди, ким билет?
06.05.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
melistin agasy degen sozdu kowboi ele kenew myrzahmatov dep ele jazbaisynarby
06.05.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер силер да болушунча атакага отупсунор, бул бийлик озунун башын озу дейт!
06.05.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул акмактар кармалыш керек эле. Менин жакын тууганымды да алдашкан. Ал бае, ишенчек адам эле. Эми тушунду алданганын.
06.05.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim_4, kuba.kq8705 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
06.05.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба бул кара пиар. Мелис чет жакта ага кучу жетпей эми Мелистин туугандарына кысым корсотуу башталды. Айтылган уюмду да оздору атайын уюштуруп жалган жалаа жаап атышат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: