super.kg logo

Жылнаама, 7-май: Мындан 44 жыл мурун манасчы Саякбай Каралаев 75 жаш курагында каза болгон

 
* Мындан 44 жыл мурун, 1971-жылы манасчы Саякбай Каралаев 75 жаш курагында каза болгон. 
Саякбай Каралаев 1894-жылы Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1922-1931-жылдары Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык кеңештерин башкарган. 1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда иштеген. 
Кичинесинен ырга, жомокко шыктуу болуп, 1918-жылдан тарта "Манас" айта баштаган. Айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500 500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" деген өңдүү чыгармалары жарык көргөн. 
Саякбай Каралаев үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, медалдар менен сыйланган.
 
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын коло медалынын ээси Раатбек Санатбаев Ош шаарында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн. 
Анын карьерасы 1984-жылы башталган. Дал ошол жылы Юрмала шаарында эл аралык мелдеш болуп, анда 1-орунга жетишкен. Ал Кыргыз Республикасындагы XX кылымдын эң мыкты балбаны болуп аталган. Көптөгөн баш байгелердин ээси болуп, Даңк медалы менен сыйланган. Андан тышкары Улуттук олимпиадалык комитеттин төш белгисинин, Ардак грамоталарынын ээси болгон. Атактуу балбан Хиросима жана Бангкок шаарларында өткөн Азия оюндарында күмүш медалга татыган. 
Раатбек Санатбаев 2006-жылы 8-январда дүйнөдөн кайткан.
* Мындан 119 жыл мурун, 1896-жылы америкалык киши өлтүргүч Генри Холмс "Мояменсинг" түрмөсүндө асылып өлтүрүлгөн. Ал өлүм алдында коркпой турган түр көрсөтүп, бейкапар абалда болуп, 15 мүнөттүн ичинде өлгөн. Холмс сөөгүн эч ким албаш үчүн цементтеп салууну сурангандыктан, анын керээзин аткарышкан. Генри Холмс 350гө жакын адамды өлтүргөн деп айыпталган. Ал (чыныгы аты Генри Мажетт) расмий түрдө катталган алгачкы жалданма адам өлтүргүч болгон. 
1861-жылы 16-майда Нью-Гемпширдеги айылда төрөлгөн. Бала чагында үй-бүлөсүндө ага катаал мамиле кылышкандыгы айтылып келет. Ал жаныбарларга эксперимент жасаганды жакшы көргөн.
 * Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Канн кинофестивалында режиссёр Люк Бессондун "Бешинчи элемент" фильминин бет ачары болгон. Голливуд Бессонду дал ошол “Бешинчи элемент” фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алган. Андан соң Люк Бессондун “Такси - 1, 2, 3, 4”, “Ажыдаардын өпкөнү” жана башка мыкты фильмдери жарык көргөн.
7-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саякбай атабыз ушул убакта болгондо бут дуйнону кыдырып Манас айтып эмне деген барк алат эле.Ушундай адамдардын талантын баалап сыймыктанып коммент жазсанар болбойбу.Мырзакматов деп эле ойду тоону жазышат пайгамбарга тенеп.Анысы кара жанын калкалап качып журот.Манас эпосу Саякбай атабыздын айтуусунда азыркы техника менен сапаттуу жазылып калганда мыкты болоор эле да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: