super.kg logo
  Саясат  

Тамара Джаманбаева: “КТРКнын жаш журналисттери 2 ирет экранга чыкса эле өздөрүн жылдыз сезишет”

 

“КТРКнын жаш журналисттери 2 ирет экранга чыгып өздөрүн жылдыз сезишет, сын-пикирди кабыл алышпайт”. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында КТРКнын  Байкоочу кеңешинин мүчөсү Тамара Джаманбаева билдирди. Анын айтымында, КТРКдагы жаш журналисттерге абдан чоң көңүл буруу керек. Мындан сырткары Байкоочу кеңештин бул жаңы курамы 10 айдын ичинде Кыргызстандын бардык аймагында эл менен жолугушуп чыкканын билдирген Джаманбаева “эл бизге КТРКда таанып-билүү программасы жок, бүт саясат. Музыкалык көрсөтүүлөр көп болсо деген ойлорун айтышты” деди. Ал ошондой эле "Ала-Тоо" маалымат программасы эфирден бир күнү 21:30да, башка күнү 21:35те берилгени туура эмес экенин айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: