Темир Сариев Ошто иш сапары менен жүрөт
Өкмөт жетекчиси Темир Сариев бүгүн, 7-майда Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев билдиргендей, премьер-министр бүгүн Араван районунда болот. "Мындан тышкары жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча селектордук жыйынга, Кара-Суу районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган расмий иш-чараларга, Ош шаарындагы Өчпөс отко гүл коюу аземине катышат",- деди өкмөттүн парламенттеги өкүлү.
Автор: Автандил Добулбеков
Өкмөт башчы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна да барары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

