Ош менен Жалал-Абаддын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилет
Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилет. Тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-майда кабыл алды. Мыйзам калк жыш жайгашкан тилкелерди өнүктүрүү үчүн аймактык-административдик түзүлүштү иретке келтирүүгө багытталган. Документ менен айыл категориясына төмөнкү калктуу конуштар кирет:
- Кажар калктуу конушу. Ала-Бука району, Балтагулов айыл өкмөтү;
- Таш-Жар жана Жаңгак калктуу конушу. Аксы району, Кош-Дөбө айыл өкмөтү;
- Кара-Тарык калктуу конушу. Өзгөн району, Жалпак-Таш айыл өкмөтү.
Мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

