Жылнаама, 9-май: Мындан 11 жыл мурун Грозный шаарында чечен жикчилдери уюштурган террордук жардыруудан чечен президенти Ахмат Кадыров каза болгон

Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-май күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөлөрдө адамдар бирин-бири куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1000 замбиректен 30 залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш салюту берилген. Бирок 1948-жылдан баштап 9-май кайрадан жумуш күнү болуп калган. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май кайрадан жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган.
* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы Исхак Раззаков Кыргызстан КП БКнын биринчи катчылык кызматынан бошотулган. 1961-жылы ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин Экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-1967-жылдары СССРдин Мамлекеттик планынын бөлүм башчысы болуп иштеп, ден соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында пенсияга чыккан. Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде кыргыз жерине бир ирет, аз гана убакытка келип кеткен.
* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы атактуу мушкер Мухаммед Али АКШда аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн айыпталып, “Дүйнө чемпиону” деген титулунан ажыраган. Бирок мушкер бир топ жылдан кийин аталган титулун калыбына келтирген.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Чеченстандын борбору Грозный шаарындагы “Динамо” стадионунда чечен жикчилдери уюштурган террордук жардыруудан чечен президенти Ахмат Кадыров 52 жашында каза болгон.
Ахмат Кадыров (1951-2004) Кремлдин өкүмүн тааныган Чеченстандын президенти болгон.

1979-жылы кыргыз элинин чыгаан уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы 1-июнда анын сөөгү мекенине алынып келип, бардык жөрөлгөсү менен коюлган.

* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Украинанын аскердик Ил-76 учагы 2200 метр бийиктикте учуп баратканда жүк түшүрүүчү люк ачылып кетип, 200 жүргүнчүнүн 130у жерге кулап кеткен.

Ахмат Кадыров (1951-2004) Кремлдин өкүмүн тааныган Чеченстандын президенти болгон.
9-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.