Жылнаама, 12-май: Мындан 32 жыл мурун орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева туулган


Алина Кабаеванын билими жогорку. 2007-жылы Москва мамлекеттик университетин жана 2009-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин аяктаган. Алинанын апасы кызын муз аянтынан көргүсү келген. Бирок ал кезде Ташкентте бул спорт түрү боюнча спорт мектеби жок болгондуктан, Алина 3,5 жашка толгондо көркөм гимнастикага жетелеп барган. Кийин апасы кызынын карьерасы үчүн үй-бүлөсүн таштап, Алина менен Орусияга аттанган. Алина Кабаева көркөм гимнастика менен 1996-жылдан 2007-жылга чейин машыккан.
Спорттон кеткен соң чемпион кыз өзүн ар тараптан сынап, саясатка кызуу киришет. 2007-жылы 24 жашында "Единая Россия" партиясынын атынан Думанын V чакырылышындагы депутаты болуп шайланат. Жалпысынан Думадагы 7 жылдык ишинде 3 жолу чоң жыйында сөз сүйлөгөн жана 5 мыйзам долбоорунун иштелип чыгуусуна салым кошкон. Анда Алина "чырлуу мыйзам" аталган Дима Яковлев мыйзамын (орус ымыркайларын АКШ жарандарынын асырап алуусуна тыюу салган мыйзам) жайылтууга көмөктөшкөнү менен эсте калган.
Кабаева 2014-жылдын 15-сентябрында өз мандатын тапшырып, "Улуттук Медиа Группанын" Директорлор кеңешинин башкаруучусу болгон. "Улуттук Медиа Группа" Орусиянын жеке менчик макамында турган эң ири медиахолдинг болуп саналат. Ал "Рен-ТВ", "5-канал", "Первый канал" телеканалдарынын активдерине ээлик кылат. Ошондой эле "Известия", "Жизнь" гезиттери, "LifeNews" телеканалы жана "Русская служба новостей" радиостанциясына тең кожоюн. Медиахолдингдин ээлеринин бири Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалаштарына кирген Юрий Ковальчук болуп эсептелет.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 8 баллга жеткен зилзала болгон. 70 миңдей адам көз жумуп, 300 миңге жакын киши жабыр тартса, 18 миңдей адам дайынсыз жоголгон.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Ливиянын борбору Триполи шаарынын аэропортуна конордо А330-200 учагы жерге катуу урунуп, анан жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 103 киши каза болуп, 9 жаштагы бала гана тирүү калган.
12-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.