super.kg logo
  Саясат  

Асанбек Алымкожоев Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын делегациясы менен жолугушту

 

11-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Бишкек шаарына келген Түрк Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер кызматчыларынан турган делегация менен жолугушту. Аталган мекеменин маалымат кызматы Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн 7 генерал жана адмиралы кыргыз жерине таанышуу сапары менен келишкенин билдирди. 

Аскер кызматчыларынын планында Куралдуу күчтөрдүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министри менен жолушуудан тышкары Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн бири, "Кант" авиабазасы, Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана "Дастан" компаниясы менен таанышуу иш-чаралары, ошондой эле кеңейтилген маданий программалар каралган.

Иш-сапардын негизги максаты – эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн ортосундагы маданий тажрыйбалар жаатындагы байланышты жөнгө салуу.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: