Тышкы иштер министрлиги да Орусиядагы 5 жашар Болсунбектин ата-энесин издеп жатат

Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги да Орусиянын Екатеринбург шаарында 5 жашар Болсунбектин атасы Майрамбек Орозов менен апасы Гүлмираны издеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 12-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, Болсунбек менен Тышкы иштер министрлигинин аталган шаардагы консулдугунун кызматкерлери жолугушту. "Баланын ата-энесин сөзсүз табышыбыз керек. Бул үчүн биз иш-аракеттерди жасап жатабыз. Эгерде табылбай калса, атайын документ чогултуп, баланы кыргыз жериндеги туугандарына өткөрүш керек",- деди Сүйөркулов.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, Орусиянын Екатеринбург шаарында Болсунбек апасы үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасын издеп жүргөнү 10-майда "Элдик кабар" аркылуу жарыяланган. Бул арада Болсунбектин кыргыз жериндеги туугандары да SUPER.KG порталына байланышка чыгып, баланы кыргыз мамлекетине алып келип багып алганы жатышканын билдиришти.
Орусияда 5 жашар кыргыз бала атасын издөөдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!