super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалымат боюнча добуш берүүнү Жайыл районунда сынап көрдү

 
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 12-майда Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүндө болуп, жарандарды биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациялоо процессинин биринчи тестирлөөсүнө катышты. Тестирлөө Петропавловка жана Кызыл-Дыйкан айылдарындагы эки шайлоо тилкесинде өткөнүн өкмөттөн билдиришти. Биринчи тилкеде шайлоочулардын саны 1382 болсо, анын 1152си биометрикалык каттоодон өтсө, экинчи тилкеде 762 адамдын 522си өздүк маалыматтарын тапшырган.
Идентификациялоонун жыйынтыгында Сарпашев буларга токтолду:
"Биз бүгүн биометрикалык маалыматтар боюнча добуш берүү реалдуу иштеп кетерине күбө болдук. Аппараттын кайрадан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бербей турган функциясы сынактан ийгиликтүү өттү. Айрым кемчиликтер да болду, бул жарандардын маалыматтары керектүү шайлоо тилкеси боюнча базага которулбаганы. Бул техникалык мүчүлүштүк, мунун үстүнөн Мамлекеттик каттоо кызматы иштейт"





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: