Экономика министри: "Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча келишимдин каникулга чейин ратификацияланышын күтөбүз"
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимдеги протоколдорду Жогорку Кеңештин жайкы каникулга чейин ратификациялашы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда тегерек столдун жүрүшүндө экономика министри Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, бардык протоколдор ратификациядан өткөн соң өлкө ЕАЭБдин толук мүчөсү болуп калат. "Сүйлөшүүлөр оор өтүп жатты. Астыбызга милдет коюлган: экономикага терс таасир тийгизчү маселелердин алдын алуу. Биз өлкөнүн аталган биримдикке кирүүсүндө күтүүсүз зыяндарды жок кылууга аракет кылдык. Негизги маселелердин бири бирдиктүү бажы тарифи болду. Мындан тышкары өлкөгө 6 айдан 3 жылга чейин өткөөл мезгил каралды",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

