Алмазбек Атамбаев менен транспорт жана коммуникация министри өлкөдөгү автоунаа жолдорунун курулушун талкуулашты




Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев бүгүн, 13-майда өлкөдөгү автоунаа жолдорун куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн талкуулашты. Министр өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад жана Ош, Баткен облустарындагы стратегиялык жолдордун курулушу тууралуу сөз болду. Алмазбек Атамбаев министрге пландалган иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын бергенин президенттик аппараттан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

