Каржы министрлиги: Бюджеттик ссуда жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча 2015-жылы 2 миллиард 369 миллион сом түшөт
Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтаруудан 2015-жылы 2 миллиард 369 миллион сом түшөрү күтүлүүдө. Каржы министрлиги 13-майда билдиргендей, аталган сумманын ичинен 1 миллиард 374 200 сому негизги карыз, 995 миллион 10 миң сому пайыздар жана айып пулдар.
"Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерден 2015-жылдын январь-апрель айларында зайымдык каражаттарды кайтаруудан 1 миллиард 206 миллион 87 миң сомду түздү. Мунун ичинен негизги карыз – 740 миллион 20 миң сом, пайыздар жана айып пулдар – 466 миллион 85 миң сом",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

