Темир Сариев Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууну тездетүү тапшырмасын берди
Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча бүгүн, 13-майда мамлекеттик органдардын башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөт жетекчиси кыргыз мамлекетинде электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп, өлкө электр кубатын импорттоого аргасыз болуп жатканын айтты.
Автор: Автандил Добулбеков
"Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү милдети турат. Бул үчүн кыргыз мамлекети менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу макулдашуусу бекитилген",- деди Сариев.
Өкмөт башчы 2016-жылы ГЭСтин биринчи агрегаты ишке бериле турганын, андыктан ишти тездетүү керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















