super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу ратификацияланды

 
Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик каржы башкаруу үчүн программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 13-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
2015-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган бул гранттык макулдашуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик каржы чөйрөсүндө “теңге-тең” принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүүнү ишке ашыруу максатын көздөйт.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Каржы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: