super.kg logo
  Саясат  

Эстониянын кыргыз жериндеги элчиси: "Кыргыз мамлекети өнүгүүдө, бир орунда туруп калуу болгон жок"

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 13-майда Эстониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Яан Рейнхольд менен жолугушту. Жолугушууда Европа биримдигинин өнүктүрүү долбоорлорунун кыргыз мамлекетинде ишке ашырылышы, парламенттер аралык жана соода-экономикалык кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.

Сасыкбаева Эстониянын парламентаризмди өнүктүрүүдөгү тажрыйбасын белгилеп, кыргыз мамлекети көптөгөн багыттар боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун Эстониянын премьер-министри, Европа комиссиясынын президенти Андрус Ансип менен жолугушуулары эки өлкөнүн ортосундагы ак ниет мамилелерди айтып турат”,- дейт вице-спикер. 

Рейнхольд кыргыз өлкөсү Эстониянын бул аймактагы башкы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. “Кыргызстан ыкчам өнүгүүдө, бир орунда туруп калуу болгон жок. Бири-бирибизден көп нерселерди үйрөнсөк болот”,- деген элчи эстон парламентинин депутаттык тобу кыргыз мамлекетине келип, Жогорку Кеңештин депутаттары менен байланышты жолго коюу ниети болуп жатканын кабарлады. “Жаңы шайланган депутаттар – жаш муундун өкүлдөрү, күжүрмөн жаш саясатчылар. Алар менен билим берүү, экономика жаатында маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоого болот”,- дейт элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: