Алмазбек Атамбаев менен Дүйшөнбек Зилалиев "Жер-Үй" кени боюнча пикир алышты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-майда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Жолугушууда агенттиктин ишмердүүлүгү, кен иштетүү тармагында өткөрүлгөн аукциондор, тоо-кен тармагына инвестиция тартуу, коррупция менен күрөшүү тууралуу сөз болгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Зилалиев "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча сынакта жеңүүчү компаниянын өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышы жана инвестордун мындан аркы иш пландары тууралуу да маалымат берди.
Алмазбек Атамбаев адилет жана таза сынак, аукциондорду өткөрүү менен гана тоо-кен тармагындагы өнүгүүнү камсыз кылуу мүмкүн экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

