super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Биздин идеологиябыз ата-бабаларыбыздын рухий, маданий жана адабий мурастарына негизделет"

 

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл жазуучусу, эгемендүү кыргыз мамлекетинин биринчи Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигин коюу үчүн белгиленген жерди түптөө иш-чарасына катышты. 

Текебаев Т.Сыдыкбековдун өмүрү кыргыз мамлекетинин, анын чыгармачылыгы кыргыз адабиятынын калыптанышы менен тыгыз байланышта болгондугун айтып, анын Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылыштарынын депутаты катары коомдук-саясий ишмердүүлүгүн белгиледи. “Биздин идеологиябыз ата-бабаларыбыздын рухий, маданий жана адабий мурастарына негизделет. Биз өзүбүздүн рухий байлыгыбызга, тарыхыбызга таянабыз”,- деп билдирген депутат борбор калаанын так ортосуна кыргыз адабиятынын патриархы болгон Т.Сыдыкбековдун эстелигин орнотуу эң туура болорун белгиледи.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: