super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын белгилүү ырчыларын Энелер күнүнө карата өз каражатына чакырууда

 

Энелер күнүнө карата Бишкекке концерт коюуга чакырылып жаткан орусиялык ырчылардын гонорарын президент Алмазбек Атамбаев өз каражатынан төлөп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 15-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. "Канча каражат төлөнөрү бизге белгисиз, бирок президенттик фонддон эмес, президент Атамбаев өз каражатына чакырууда",- деди басма сөз өкүлү. 

Айта кетсек, 16-майда Энелердин күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин Бишкекке келип, "Ала-Тоо" аянтында өтчү концертке катышышат. 

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинен тарта кыргыз мамлекетинде Энелер күнү белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп эсептелинет. 

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет өзүнүн маданиятына, салтына таянып, атайын бир күндү салттуу түрдө Энелер күнү катары белгилейт. Энелер күнүн белгилөө Байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет. Америка Кошмо Штаттарында Энелер күнү 1872-жылдын май айынын экинчи жекшембисинде биринчи жолу белгиленген. Ал эми Орусия 1998-жылы ошол убактагы президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: