super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын комиссияларынын жыйынына катышты

 

14-майда Санкт-Петербург шаарында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын эки туруктуу комиссиясынын жыйыны өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков менен Айнуру Алтыбаева катышты. "Салык кодексине, "Жалпы-жеке өнөктөштүк жөнүндө" моделдик мыйзамга түшүндүрмө берүү долбоорлору, "Шайкеш келүүнү баалоо жаатында акредиттөө тууралуу" моделдик мыйзамдын долбоору, Космос мейкиндигин тынчтык максатында изилдөө жана пайдалануу жаатында кызматташтык жөнүндө КМШ Конвенциясы талкууланды",- деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы. 

Мамлекеттик түзүлүштүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбаларын иликтөө боюнча туруктуу комиссиянын ишине Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев катышты.

Комиссия мүчөлөрү "Жергиликтүү бийлик органдарынын чек ара аймагындагы кызматташууларга катышуусунун тартиби жөнүндө", "Коомдук көзөмөлдүн негиздери жөнүндө", "Стратегиялык болжол жана пландаштыруу жөнүндө", "Автомобиль унаасы жөнүндө" жана башка мыйзамдардын долбоорлору талкууланганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: