super.kg logo
  Саясат  

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү: "Жогорку Кеңештин саясий эрки өлкөдөгү аялдар менен эркектердин теңчилигин камсыз кылууга багытталган"

 

"Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча тажрыйбасы урматтоого татыйт жана көптөгөн өлкөлөргө үлгү да боло алат",- дейт БУУнун кыргыз өлкөсүндөгү тутумунун туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Доржи Кинлай. Ал бул тууралуу бүгүн, 15-майда өткөн "Пекин +20" конференциясынын чечимдерине ылайык гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференцияда айтып чыкты. 

Д.Кинлай өз баяндамасында аялдардын жана кыздардын экономикалык өз алдынчалыгын камсыз кылууга таасир эте турган, алардын билим алуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди. "Мында өлкөдөгү аялдар менен эркектердин теңчилигин камсыздоого багытталган кыргыз парламентинин саясий эрки өзгөчө роль ойноду",- деп жыйынтыктады сөзүн. 

Эске салсак, эки күндүк бул конференциянын максаты - кыргыз мамлекетинде эл аралык милдеттенмелердин алкагында гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламент менен өкмөттүн ролун арттыруу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: