Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев кызматтан бошотулду

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 18-майда президенттик аппараттан билдиришти. А.Карашев өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
А.Карашев 1968-жылдын 30-октябрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айылында төрөлгөн. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Адистиги - зооинженер, айыл чарба илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик кадр кызматынын директору катары 2012-жылдын 10-сентябрынан бери иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

