Быйыл туристтик сезондо жол-кайгуул кызматкерлери кызматтык гана унаалар менен иштешет



Быйыл туристтик сезондо жол-кайгуул кызматкерлери кызматтык гана унаалар менен иштешет. Мындай маалыматты бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында КРнын Жол-кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, эгер буга чейин Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору жумушуна жөнөкөй унаалар менен чыгып кызмат өтөшсө, быйыл мындай көрүнүштөр катталбайт.
“Жол эрежелерин бузган айдоочулар атайын терминалдар аркылуу айып пул төлөшсө болот. Мындан тышкары Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында акча төлөөгө мүмкүн болгон терминалдар ачылат.
Ал эми жол коопсуздугун сактоо максатында Бишкектен Балыкчыга чейин 9 пост иштейт, кошумча 3 пост Балыкчыдан Караколго чейин коюлат”,- дейт Саркулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.