super.kg logo

Жылнаама, 22-май: Мындан 45 жыл мурун америкалык модель жана актриса Наоми Кэмпбелл туулган

 
* Мындан 159 жыл мурун, 1856-жылы Москвадагы Третьяков галереясы негизделген. Третьяков галереясы Орусиядагы эң биринчи музейлерден болуп саналат. 
Третьяковдордун үй-бүлөсү 1851-жылдын аягында Лавруш чолок көчөсүнөн үй сатып алган. Третьяков Павел Михайлович биринчи картинасын - Николай Шиндлердин сүрөтүн сатып алып, ошондон тарта анын коллекциялары кичинеден чогула баштаган. 1867-жылы атайын коомчулук үчүн “Павел жана Сергей Третьяковдордун Москва шаарындагы галереясы” деген аталыштагы көргөзмөнү уюштурат. Алар көргөзмөгө 1276 картина, 471 сүрөт, 10 скульптуралык эмгекти жана чет өлкөлүк кыл калемдердин 84 картинасын коюшкан. 1892-жылы Павел Третьяков өзүнүн көркөм галереясын белек катары Москва шаарына өткөрүп берген. Ал убакка чейин анын коллекциясында 1287 живопистик жана 518 графикалык чыгарма, 75 картина жана европалык мектептин 8 сүрөтү, 15 скульптура эмгектери пайда болгон. Бир жылдан кийин ал галерея коомчулук үчүн Третьяковдордун ысымын алган музей катары расмий түрдө ачылган.
 
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы америкалык модель жана актриса Наоми Кэмпбелл Лондондо төрөлгөн. 14 жашында мектепти таштаган Наоми Кэмпбелл Лондондогу Itali Conti окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Ошол убакта “Элит” моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдт кастингге чакырат. Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат. Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, “Elle”, “Time”, “Vogue” журналдарынын биринчи беттерине чыгып, “Ralph Lauren”, “Versace”, “Dolce&Gabbana” фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт. 1994-жылы Америкадагы Мода академиясы аны “Дүйнөнүн эң мыкты модели” деп тапкан.
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы теннис боюнча Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин 5 жолку жеңүүчүсү, сербиялык Новак Жокович Югославиянын Белград шаарында төрөлгөн. Новак Жокович кичинесинен лыжа спорту менен машыгып, 12ге чыкканда теннисти тандоого туура келген. Ал тенниске үйүнүн жанында курулган 3 корттон улам байланып, инилери Марко менен Жорж болуп теннис менен машыга баштаган. Новак ошол жылы Мюнхендеги “Ники Пилис” теннис академиясына кирген. Жокович ошол академияда билим алып, килемде, чөптө жана топуракта ойноону өздөштүргөн универсал теннисчи болуп чыккан. Ошондой эле ал Мюнхенде тил тоскоолдугун жоюп, эне тилинен тышкары итальян, немис жана англис тилдерин өздөштүргөн.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Индиянын Мангалор шаарынын аэропортуна конордо Боинг 737 учагы тилкеден чыгып кетип күйүп кеткен. Учакта болгон 166 кишинин жетөөсү гана тирүү калган.
22-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.05.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе хе ХХХ ХХХ ХХХ... хи хи...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-05-22 09:32:53
22.05.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BAIELER81 - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: