Жылнаама, 23-май: Мындан 102 жыл мурун акын, жазуучу Райкан Шүкүрбеков туулган

Райкан Шүкүрбеков 1962-жылы 49 жаш курагында кайтыш болгон.
* Мындан 584 жыл мурун, 1431-жылы Франциянын улуттук баатыры, аскер башчысы Жанна д'Аркка англиялыктар тарабынан сыйкырчы деген кине коюлуп, чиркөө сотуна тапшырылган. Бир аптадан кийин күнөөлүү деп табылып, өрттөлүп өлтүрүлгөн. Арадан 25 жыл өткөн соң акталган.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы айтылуу француз футболчусу Мишель Платини чоң футбол менен коштошкон. Ал 3 ирет (1983, 1984, 1985) "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган. Кезинде франциялык "Нанси" (1972-1979-жылдары), "Сент-Этьенн" (1979-1982) жана италиялык "Ювентус" клубдарында ойногон. Футболду таштагандан кийин, 1988-1992-жылдары Франция курама командасын машыктырган. 2007-жылы январда УЕФАнын президенти болуп шайланып, 4 жылдан соң кайрадан экинчи мөөнөткө бекитилген. Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) 2015-жылдын 24-мартында Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде ошол учурдагы президент Мишель Платини кийинки 4 жылдык мөөнөткө шайланган.


23-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.