super.kg logo

Жылнаама, 24-май: Мындан 14 жыл мурун Иерусалимдеги тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөтү өтүп жатканда пол түшүп кетип, 23 киши каза болгон

 
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы куудул, тамада жана ырчы Борончу Кудайбергенов Жумгал районунда туулган. 1984-1986-жылдары Чаектеги №26-кесиптик-техникалык орто окуу жайында окуган. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырып, 2008-жылы бүтүргөн. Борончу Кудайбергенов 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы" деген фестивалда баш байгени алып, Мерседес жеңил автоунаасын утуп алган. 2010-жылы Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайткан. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгонго аракеттенген, бирок БШК Борончу Кудайбергеновдун талапкерлигин коюуга уруксат берген эмес.
 
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы патриоттук ырларга басым жасаган этноакын Тата Улан Бишкек шаарында туулган. Ал Москва шаарындагы Щепкин атындагы окуу жайдын актёр жана кино факультетин аяктаган. Ырчы "Кыргызстан", "Баары бир", "Карындаш" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы “Евровидение” сынагынын жеңүүчүсү (2004), украиналык ырчы Руслана Лыжичко Украинанын Львов шаарында туулган. Апасынын аракети менен Руслана музыкалык мектепте билим алып, "Горизонт", "Орион", "Улыбка" сыяктуу балдар ансамблдеринде ырдаган. Мектепти аяктаган соң Львовдогу консерваторияга тапшырып, 1995-жылы дирижёр жана пианист адистиги боюнча аяктаган. Руслана 1996-жылы "Славян базары" фестивалында жеңүүчү аталып, ырчылык карьерасын баштаган. Ал эми 2004-жылы "Евровидение" сынагына катышып, баш байгеге ээ болгон. Мекенинде бул чоң жетишкендиги үчүн "Украинанын Эл артисти" деген наамга татыган.
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы Израилдин Иерусалим шаарындагы тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөтү өтүп жатканда пол түшүп кетип, анын кесепетинен 23 киши каза таап, 380 адам жаракат алган. Үлпөт той тойкананын 4-кабатынан орун алып, ал жакта 750гө жакын адам болгон.
24-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: