Жылнаама, 27-май: Мындан 5 жыл мурун Түркиянын Анталия шаарында орусиялык туристтери бар автобус көпүрөдөн кулап кетип, 15 киши каза болгон
* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тасмасы" деп табылган "Президент жана бомж" тасмасындагы Омордун ролу үчүн “2012-жылдын супер актёру” болгон Аскат Сулайманов Балыкчыда төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Алматыдагы Т.Жугенов атындагы Көркөм институтуна тапшырып, ийгиликтүү бүткөн. Эң биринчи казактардын “Камерадан репортаж” деген тасмасына тартылган. “Айыл өкмөтү” фильминдеги шок милиция кызматкеринин образы менен элге кеңири таанылган актёр Аскат Сулайманов “24 саат”, “Уурунун махабаты”, “Апамдын махабаты”, “Биринчи кадр”, “Теңири”, “Свет аке” ж.б. тасмаларда роль жараткан. Аскат Сулайманов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана анын алдында түзүлгөн "Дем" театрынын актёру.


* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Түркиянын Анталия шаарында орусиялык туристтери бар автобус көпүрөдөн кулап кетип, 15 киши каза болгон. Кырсык орус жарандары бар автобус Алания курортунан Памуккаледеги туристтик борборго бараткан жолдо болгон. Автобустун айдоочусу уктап кетип, унаа 15 метрдей бийиктиктен Аксу дарыясына кулап түшкөн.
27-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.