Ахматбек Келдибеков "Кумтөрдүн" ишин токтотпосок, дагы 3-4 ири мөңгүдөн айрылабыз" деди
"Кыргызстанда бүгүнкү күндө жалпы 9 миң 53 тонналык алтын кендер бар, анын 200 тоннасын сарптадык. Эгерде буларды сактап калабыз десек, анда "Кумтөрдүн" ишин токтотушубуз керек". Бул сөздү ЖКнын 21-февралдагы жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков айтты. "Учурда Нарын дарыясы экологиялык жактан бузулуп баштаптыр. Эгер мындан ары да иш улана берсе, анда дагы 3-4 ири мөңгүдөн айрылабыз. "Кумтөр" элдин менчиги, бул маселени бүгүн чечпесек, эртең жаштарга биз эле күнөөлүү болобуз. Эч кандай соту жок эле Канаданын Адилет министрлиги менен сүйлөшсөк болот",- деди Келдибеков.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

