Жылнаама, 2-июнь: Мындан 43 жыл мурун “Абактан качуу” сериалынын жылдызы, америкалык актёр Уэнтуорт Миллер төрөлгөн

Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен жарык көргөн. Акындын ырлары орус тилинде да басылып чыккан. 20га жакын поэтикалык жыйнактын автору.
* Мындан 111 жыл мурун, 1904-жылы 100 метрлик аралыкты 1 мүнөткө чейин биринчи сүзүп өткөн америкалык суучул, Олимпиаданын 5 жолку чемпиону, 67 дүйнөлүк рекорддун ээси Жонни Вайсмюллер туулуп, 1984-жылы 20-январда 79 жашында көз жумган. Аны көпчүлүк актёр катары да жакшы таанышкан. Себеби ал айтылуу "Тарзан" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан.
* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы “Абактан качуу” сериалынын жылдызы, америкалык актёр Уэнтуорт Миллер Англиянын Чиппинг-Нортон шаарында төрөлгөн. Колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон жана ырчылардын кээ бири менен гастролго чыгып, акча таап турган. Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат жана ал жакта операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон.


Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен, Уэнтуорт дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары болгон.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Пакистандагы Даниянын элчилигинин жанында террорчу мина коюлган машинаны өзү менен кошо жардырып жиберген. 6 киши өлүп, 24 адам ар кандай жаракат алган.
2-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.