Жылнаама, 3-июнь: Мындан 43 жыл мурун Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева төрөлгөн

* Мындан 230 жыл мурун, 1785-жылы Франсуа Бланшар тарабынан ойлонуп табылган биринчи парашют Лондон шаарында сыноодон өткөн. Биринчи парашютчу катары ит сыналып, ал 300 метр бийиктиктен аба шарына байланып ыргытылган. Ит жерге аман түшүп, парашютту колдонууга жол ачылган.

Елена Исинбаева - 2 жолку Олимпиада (2004-жыл, 2008-жыл) чемпиону, 5 жолку Дүйнө чемпиону, 2 жолку Европа чемпиону. Шыргый менен бийиктикке секирүү боюнча 27 жолу дүйнөлүк рекордду жараткан. 2005-жылы 22-июлда Лондондо бийиктикке секирүү боюнча аялдар арасында биринчи жолу 5 метр бийиктикти багындырган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Нигериядагы эң ири шаар Лагостон алыс эмес жерде MD-83 учагы кыймылдаткычы иштебей калып калктуу аймакка кулап түшүп, өрттөнүп кеткен. Учакта болгон 153 киши жана жерден 40тан ашуун адам каза болгон. Учак кулаган аймакка мародёрлор кол салып, жүргүнчүлөрдүн жүктөрү жана айлана-тегеректеги үйлөр тонолгон.
3-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.