Лейлекте жаш активисттер жалгыз бой энеге кийим тигүүчү машина сатып берип, жардам көрсөтүштү




Лейлек районунун жаштары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулун карап, жумушсуз отурган айымга кийим тигүүчү машина сатып беришип, жумуш менен камсыз болуусуна көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Лейлек жаштары" коомдук бирикмесинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Чимген айылынын тургуну Айчүрөк Райимбердиеванын 5 жаштагы уулу Элтур тубаса майып. Ага дайыма көзөмөл керек. Аны караган жалгыз бой апасы башка жумушта иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, тигүүчү машинага муктаждыгын айтып кайрылган. Райимбердиеванын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү үчүн аталган бирикме кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, райондун борбор калаадагы жана чет жакта жүргөн тургундарынан тийиштүү акчаны топтогон.
Учурда кийим тигүүчү машина Райымбердиевага жеткирилип, анын үйдө отуруп тикмечилик менен иштөөсүнө шарт түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Altynbekk5

03.06.2015. 19:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла ыраазы болсун!
Altynbekk5 түзөттү 03.06.2015 19:07
aydarken

03.06.2015. 19:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар чоон сооп иш кылыпсынар Айчурокко келип коп коп заказ бергиле койнок,шым тигип иши илгеери болсун.
Izdeim_seni.

03.06.2015. 20:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окмот карабаса жаштар карап жакшы иш кылыптыр.
Kg_boy91.91

03.06.2015. 22:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Очко
Nurlanchik

04.06.2015. 21:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы жардам берет элем чын дилимден!!!! Номерин берип койсонуздар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.