Жылнаама, 5-июнь: Мындан 74 жыл мурун "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!" тасмасындагы ролу аркылуу белгилүү болгон актриса Барбара Брыльска төрөлгөн

Актриса СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977), Польшанын Кайра жаралуу ордени (1985), "Сулуулук иконасы" (2008) жана башка сыйлык, наамдарга ээ болгон.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы Ростов-на-Дону - Москва маршруту боюнча жол тартып бараткан "Александр Суворов" теплоходу Ульяновск шаарынан агып өткөн Волга дарыясындагы көпүрөгө урунган. Кырсыктан 176 киши каза болгон.
* Мындан 17 жыл мурун, 1998-жылы орусиялык муз үстүндөгү бийчи Юлия Липницкая Орусиянын Екатеринбург шаарында туулган. 4 жашында Екатеринбург шаарындагы "Локомотив" спорт мектебиндеги Елена Левковец жана Марина Войцеховская аттуу машыктыруучулардын тобуна кирген. Липницкая 2014-жылы биринчи жолу Европа чемпиондугуна катышкан. Ал өзүнүн мекендеши Аделина Сотникованы жана 5 жолку Европа чемпиону Каролина Костнерди артка калтырып, жеңишке жетишкен. Сочи Олимпиадасында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык программада Юлия айымдар арасында жекеликте катышып, калыстардын эң жогорку упайларын алган. Липницкая бул командалык жеңиште 15 жаш 249 күн куракта болуп, немис муз үстүндөгү бийчи Макси Герберден кийинки муз үстүндө бийлөө боюнча эң жаш Кышкы Олимпиада чемпиону болуп калган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы АКШнын 40-президенти Рональд Рейган 93 жаш курагында каза тапкан. 1994-жылдан бери ал Альцгеймер оорусу менен алпурушкан. Бул дарт мээ клеткаларын бузуп, эс тутумду солгундатат дешет медиктер. Байкоочулардын баамында, Рональд Рейган соңку кезде киши тааныбай, төшөктө жатып калган.



5-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.