super.kg logo

Жылнаама, 8-июнь: Мындан 229 жыл мурун Нью-Йоркто балмуздак алгачкы жолу сатыкка чыккан

 
* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы эң алгачкы жолу ПО-2 учагы ушул күндүн таңында Фрунзеден Нарынга багыт алган. Учкучтар бийик тоолуу Нарынга жетүү үчүн Балыкчы аркылуу кеткен аба жолун тандашып, Нарынга ийгиликтүү конушкан. Учкучтар Кыргыз обкомуна "Фрунзе-Нарын аба жолу ачылды" деп рапорт беришкен. Ошентип, тоолуу аймакты борбор менен байланыштырган аба жолу ишке киргизилип, тоолуу районго медициналык жардам көрсөтүү, илим-билим жана маданий багыттагы байланыштар ыкчамдаган.
 
* Мындан 229 жыл мурун, 1786-жылы Нью-Йоркто балмуздак алгачкы жолу сатыкка чыккан. Айрым маалыматтар боюнча, бул десерт адамзаттын жашоосунда эбак эле пайда болгон. Алгачкы балмуздак Байыркы Кытайда 5 миң жыл мурун пайда болуп, кытайлыктар апельсиндин, лимондун кесимдерин, анарды кар жана музга аралаштырып жешкен. Рецепттери жана аны сактоо ыкмалары сыр болуп, биздин заманга чейин II кылымда гана "Ши-кинг" китебинде ачыкталган.
* Мындан 191 жыл мурун, 1824-жылы канадалык Ноа Кашинг алгачкы кир жуугуч машинаны патенттеген. Ал жасаган кир жуугуч машинаны колдун күчү менен иштетишкен жана ал азыркы кофе майдалоочу аппаратка окшош болгон.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы Бразилиянын Форталеза шаарынын аэропортуна конордо Боинг-727-212Ф учагы бакка урунуп, андан соң тоону сүзүп жарылып кеткен. Учакта болгон 137 кишинин баары көз жумган. 
8-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахх, балмуздак.... Бала чагымдагы балмуздактын даамы алиге дейин тамшандырат го чиркин...........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: