super.kg logo

Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга жөнөп кетишти (фото)

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен мамлекетибиздин бир катар алдынкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана өнөрпоздору алыскы Малайзия өлкөсүнө бүгүн, 6-июнда жөнөп кетишти. Алардын катарында кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова, “тамашоучулар” Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу, ошондой эле өлкөдөгү ондон ашуун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар. 

Кыргыз делегациясы туризм тармагынын бир катар объектилерин көрмөкчү. Журналисттер Куала-Лумпурда болуп, Малайзиянын маданияты жана салттары менен таанышып, айтылуу Лангкави аралына да барышат. 
Сапар алкагында кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кыргыз журналисттери менен Малайзиянын алдынкы ММКларынын ("The Star" медиатобу жана башкалар) жолугушуусун уюштурат. Ошондой эле маданий иш-чаралар дагы каралган. 

Ал эми каржылык чыгымдарды толугу менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында өз моюнуна алды. Элчинин айтымында, маданий-маалыматтык кызматташуу экономикалык катнаштын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

Алыска чыга тургандар саат 18:00дө “Манас” аэропортуна келип, сапар алдындагы сезимдери тууралуу ой бөлүшүштү. Ырчы Гүлнур Сатылганова Малайзиянын аптаптуу күнүндө эс алууну эңсеп келгенин жашырган жок.

“Мен Малайзияга биринчи жолу баратам. Бул өлкө кооз экенин бир нече жолу угуп, барып эс алууну эңсеп келгем, бирок аптаптуу күндүн ысыгынан кооптонуп жатам. Бизде кээде күн ысык болсо, кээде салкын болуп турат эмеспи. 

Мени өзгөчө Малайзиянын элинин жашоосу, каада-салттары кызыктырып жаткандыктан, ошол жактары менен таанышууга да басым жасайм. Анан, албетте, Малайзиядагы мекендештерибизге концерт коюп, маанайларын көтөрүп келебиз”,- деди Г.Сатылганова.

Ал эми кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы элчилигине ыраазычылыгын билдирген журналист Али Токтакунов Малайзиянын туризмди өнүктүрүү жагындагы тажрыйбасын алып келүү аракетин көрөрүн айтты.

“Биринчиден, ушундай шартты түзүп берип жаткан элчиликке рахмат! Экинчиден, Малайзия - туризм тармагын өнүктүргөн өлкө. Ошондуктан мен кыргыз жеринде туризмди кантип өнүктүрүүгө болору тууралуу жакшы материал даярдап келем. Анан, албетте, ал жактын медиа тармагы менен кенен таанышып, тажрыйба топтоп, аларга да өз тажрыйбаларыбызды көрсөтүп келебиз. Ошону менен бирге эс алып да келем”,- деди Токтакунов.

Ал эми "тамашоучулар" Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу жана ырчылар Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова аэропортко кечигип келишти. 

Эмил кечигип келгенин тамашага салып, аларды күтүп отургандардын маанайын көтөрдү. "Мен кечиккен жокмун, аэропорттун сааты жылып кетиптир" деп, Малайзияга арыктап келүү үчүн баратканын кошумчалады. "Ал жактын тамактары биздикиндей майлуу эмес, анан да көп жебейсиң. Ошон үчүн арыктап келгени баратам",- деп тамашалады. Анын артынан Самат да ырчыларга актанып: "Мен Малайзияга барып пилдерди көргүм келип жатат. Аралдарга барууну жактырып келем, бирок шарт болгон эмес, эми болуп жатат. Анан да бака, жыландарды жегим келүүдө. Эмил арыктаса, мен семирип келгим бар",- деди.  

Ал эми ырчы Асел шашкалактап, колуна желим баштык көтөрүп келди. Анын ичинде байпак, сүлгү бар экен. Ырчы күлүп, "баштыкта эч нерсе деле жок" деп жооп кайтарды. 

Алыска чыга тургандар саат 20:00дө Бишкектен чыгып, саат 21:00дө Казакстандын Алматы шаары аркылуу Малайзияны көздөй сапар алышат. Алар 7-июнь күнү эртең менен Куала-Лумпур шаарына жетип барышат. 

 






Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга жөнөп кетишти

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мелис Маматкулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(25)
06.06.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эс алып келгилеее!!!
06.06.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак жол, соонун эс алгыла!!!
Гүлжигит Аселя аяшка тийишпе)))))))
06.06.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапарлары байсалдуу болсун!
SUPER.KG видео
07.06.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан менен Сайкал барган жакка мен бара албай калыптырмынбы деп , Асел оз капчыгынан баратат го дейм .Жакшы эс алып келгиле !
07.06.2015. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжэ кыйла каарып калыптыр убакытын отконун кара кече еле жап жаш эже болчу
SUPER.KG видео
07.06.2015. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель Кадырбекова эмне кылып журот анда,тизмеде жок экен го?
SUPER.KG видео
07.06.2015. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак жол аман эсен барып келиниздер
SUPER.KG видео
07.06.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель Сайкалга окшоймун дегенго прическасын да окшоштуруп алыптырбы. ..
07.06.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы барып келгиле
SUPER.KG видео
07.06.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Чыгармачылык эргүү алып келгиле
07.06.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга ак жол!
07.06.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы барып келгиле
07.06.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы барып келгиле баарынарга ак жол ийгилик.
Медиа-портал
07.06.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгиликтуу барып келгиле.
08.06.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женил барып оор келгиле ийгилик силерге салам айткыла ал жактагы туугандарга Кыгызстандын атынан
SUPER.KG видео
08.06.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet мурунку маалыматтарда каалаган ырчылар озунун каржысын которуп, кошулуп барса болот делген эле...балким ошондой го...
Медиа-портал
08.06.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошентсе деле асел ырчы да гулнур болбойле ырчылардан гужу экообуз дейт го я
09.06.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулнур эжеге Асель ырчы деле эмес да
Медиа-портал
09.06.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АК жол, ай барып аман келгиле. Элибиз, мамлекетибиз ушундай Малазия сыяктуу онуккон мамлекеттер менен карым-катнашты бекемдеп, осуп-онуго берсин.
Медиа-портал
10.06.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик коштоп журсун
Медиа-портал
10.06.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ursus,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтүңүз.
SUPER.KG видео
11.06.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже эс алганы эл коргону жер коргону баратабыз деп чынын айтыптыр Журналисттер материалын шылтоо кылыптыр Гулжигит жооп бере албаптыр Баарынар эле ойногону бараткан сон жакшы конул ачып келгиле Бирок жай мезгилде ысык олкого барган кандай болор экен?
Медиа-портал
11.06.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselge ertereek emespi bul jaka barganga?
Медиа-портал
12.06.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деле эч кимиси Кылычка рахмат дешбептир:(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: