12-июндан тарта борбор калаага ысык суу бериле баштайт
12-июндан баштап Бишкек шаарына ысык суу берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, жабдууларды оңдоп-түзөө, 2015-2016-жылкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу ысык суу 12-майда токтотулган эле. Азыркы тапта суу түтүктөрү оңдолуп бүткөн. Суу бериле баштаган күндөн тартып 3-4 күндүн аралыгында борбор калаанын тургундары ысык суу менен толук камсыз болушат.
Белгилей кетсек, ысык сууну бир айга токтотуп, оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча жарлыкка мэр Кубанычбек Кулматов 4-майда кол койгон. Өткөн жылы ысык суу берүү 19-майдан 19-июнга чейин, 2013-жылы 13-майдан 13-июнга чейин токтотулган.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

11:22
2025-07-11

10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.