Кудайберген Базарбаев: “Бишкектеги Орус драма театрынын директору ал театрды өзүнүн жеке бизнесине айландырып алды”
Бүгүн, 22-февралда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын директору Борис Воробьёвдун ишмердүүлүгү боюнча КРнын Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев сынга алды. Анын айтымында, аталган жетекчи театрды өзүнүн жеке бизнесине айландырып алды. "Борис Воробьёв театрдын айланасына жана ичине түнкү клуб, кафе сыяктуу көңүл ачуучу жайларды мыйзамсыз түрдө ачып алды. Анын бул иштери "Тарыхый жана маданий мурас" тууралуу мыйзамга каршы келет. Воробьёв - коррупционер. Ал 2008-жылы театрдын 6 кызматкерин мыйзамсыз эле иштен айдаган. Бул аракеттери боюнча Биринчи Май райондук соту Воробьёвго компенсация төлөө чечимин чыгарган. Бирок ал компенсацияны бүгүнкү күнгө чейин төлөй элек",- деди Базарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.