Жылнаама, 12-июнь: Мындан 37 жыл мурун "2014-жылдын супер актёру" наамынын ээси Азиз Мурадиллаев туулган
* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы актёр Азиз Мурадиллаев Бишкек шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Азиз Мурадиллаев "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона" сыяктуу 40тан ашуун спектаклдерде ойноп, "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" ж.б. тасмаларда роль жараткан. Ал "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын образын мыкты жараткандыгы үчүн "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2014-жылдын супер актёру" деп табылган.

Анжелика Бекболиева 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрында Марат Алыбаевдин "Каалоо" аттуу ыры менен чыккан. 2007-жылы "Өмүр багы", "Сагыныч" аттуу ырлары менен чыгып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ал эми "Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2005-жылдын супер ырчы айымы”, "2014-жылдын сахна ажары" наамдарынын ээси болгон.



12-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.